Global money week-2015 Дүйнөлүк акча жумалыгы) өтүп жатат

13.03.2015

Global money week-2015 Дүйнөлүк акча жумалыгы) өтүп жатат

Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин залында Өнүктүрүү саясаты институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында 2015-жылдын 9-17 мартка чейин Global money week-2015 (дүйнөлүк акча жумалыгы) өтүп жатат. Жумалыктын жүрүшү боюнча Программасы маалымат тактага илинди.

10-март күнү саат 10.30 мектептин актовый залында күн мурунтан белгиленген программа боюнча жумалыктын ачылышы, максаты менен тааныштырылды. Уюштуруу тобуна 5 мугалим жана 8 (Ишенакунова Канышай, Таалайбекова Элиза, Буйлашов Жылдызбек, Садырбек уулу Омүрбек, Айбекова Айпери, Бекташов Шераалы, Жаныбаева Жанылмырза, Тойгонбай уулу Билимбай) окуучу кирди.

Эки мектепте 10-мартта Асан Абдраимов орто мектебинде 37 жана 12-мартта Макмал орто мектебинде 29 окуучу менен  “Финансылык эркиндикке жетишүү” деген темада тренинг өтүлдү. Ошондой эле 3-4 класстар арасында “Мен жашаган аймак”, 5-8 класстарына “Мен –финансист” деген темада сүрөт тартуу сынагы жарыяланып, 16-мартта жыйынтыгы чыгарылат.

Бардык жаңылыктар