«Жылдын мыкты клубу жана китепканасы», «Сармерден» сынагынын жыйынтыктары чыгарылды

03.11.2014

«Жылдын  мыкты  клубу  жана   китепканасы», «Сармерден» сынагынын жыйынтыктары чыгарылды

Тогуз-Торо райондук айыл аймактарында маданият күнүнө карата «Жылдын мыкты клубу жана китепканасы» конкурсу жарыяланып, айыл аймактарынын клуб башчыларынын уюштуруучулугу менен айыл ичиндеги элдик таланттарды даназалоо максатында кыз-жигиттин «Сармерден» таймашы өткөрүлүп, 2014-жылдын 3-ноябрында райондук маданият үйүндө жыйынтыкталды. Алардын жыл ичиндеги өтүлгөн маданий иш-чаралары жана жүргүзгөн иштери кошо бааланып, баш байге менен «Мыкты клуб» наамын Сары-Булуӊ айыл аймагы женип алды. 1-орунду Тогуз-Торо айыл аймагы, 2-орунду Атай айыл аймагы, 3-орунду Көк-Ирим айыл аймагынын клубдары ээ болду. «Мыкты китепканачы» наамына Атай айыл аймагынын китепканасы ээ болду. Жеңүүчүлөр акчалай жана райондук мамлекеттик администрациянын, маданият бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик уюмунун грамоталары менен сыйланышты.

Бардык жаңылыктар