Каргалык айыл аймагында “Дүйнөм ыйман, сыймыгым Кыргызстан” аттуу фестивалы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өттү

20.11.2014

Каргалык айыл аймагында “Дүйнөм ыйман, сыймыгым Кыргызстан” аттуу фестивалы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өттү

19-ноябрь күнү Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында “Дүйнөм ыйман, сыймыгым Кыргызстан” аттуу фестиваль уланып, өтүлүүчү жай майрамдык жасалгалар менен кооздолуп, өзгөчө шаң менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өттү. Муундан –муунга жалгашып бараткан каада салтыбызды бийик тутуп, “Ымыркайдын карын чачын”, “Ымыркайдын карын тырмагын алуу” жөрөлгөсүн сахналаштырып көрсөтүштү. 2- топтогу ДМЧ Мусаева Динаранын өз колунан жаралган жүндөн уютулган, чийден чырмалган жана кийизден куралган буюмдары көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ошондой эле 1-топтогу ДМЧ Курманбаева Маалимкан эженин “Алтынчы күнү кечинде”, 1-топтогу ДМЧ Үркүнбаев Эдилбектин “Аман бол жарык жылдызым” жана “Көтөр башты”деген көркөм окуусу, 2-топтогу ДМЧ Шерматова Зина эженин “Ырдалып бүтпөйт махабат”, 3-топтогу ДМЧ Мусаева Динаранын “Биз да мамлекетке салым кошо алабыз”, “Курманжан датка” дастанын, 18 жашка чейинки ДМЧлар Бакай уулу Аттокур жана Исмаил кызы Наргизанын “Кара жорго”, Атай Өмүрзаковдун аткарган бийин жана Манас эпосунан үзүндүнү Мурат уулу Адилхан, Молдалиева Жаңыгүлдүн жан дүйнөсүнөн жаралган ырларды чоң чеберчиликте аткарышты жана көрүүчүлөрдун купулуна толду.

Бардык жаңылыктар