Окуучуларыбыздын спорт жаатында жана маданият тармагында жетишкен ийгиликтери

03.05.2014

Окуучуларыбыздын спорт жаатында жана маданият тармагында жетишкен ийгиликтери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча 2-республикалык спартакиадасын өткөрүү жөнундөгү Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкулү тарабынан бекитилген “Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча 2-областтык спартакиадасын өткөрүү  жөнүндөгү” Жобосун жетекчиликке алып,  райондун аймагында 2-этабы 21.02.2014-жылы  райондук билим беруу бөлүмү, райондук аскер комиссариаты жана райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү менен биргеликте өткөрүлүп, жыйынтыгында 1-орунду Макмал, 2- орунду Э.Касымалиев атындагы орто мектеби, 3- орунду А.Абдраимов атындагы орто мектеби алган.

Нарын областында өткөрүлүүчүобласттык спартакиаданын 3-этабына, райондук комиссариат 10 окуучуну жиберип, алар 3-орунду ээлешти.

Мындан сырткары окуучуларыбыз үстубүздөгү жылы спорт жаатында гана эмес, маданият тармагында да көптөгөн ийгиликтерге жетишишти. Нарын областында өткөрүлгөн патриоттук  ырлар сынагында   Иса атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сүйүнбек уулу Арслан 1-орунду алып республикалык сынакка катышууга жолдомо алды, ал эми көркөм окуу боюнча Саймалуу-Таш орто мектебинин 4-классынын окуучусу Жыпарбек кызы Азема  3-орунга ээ болду.

Бардык жаңылыктар