БШКнын Тогуз-Торо аймагындагы атайын өкүлчүлүгү райондун мектептерине 13 көп функционалдуу жабдууларын тартуулады

18.04.2016

БШКнын Тогуз-Торо аймагындагы атайын өкүлчүлүгү райондун мектептерине 13 көп функционалдуу жабдууларын тартуулады

Борбордук шайлоо комиссиясынын Тогуз-Торо аймагындагы атайын өкүлчүлүгүнүн өкүлү А. Мамбетжанова 2010 –жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына БУУӨПнын Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду колдоо долбоору тарабынан берилген көп функционалдуу жабдууларын райондун 13 мектебине тартуулады. Бул жабдуулар учурунда Европа Биримдиги, Австриянын Өкмөтү жана БУУӨП тарабынан каржыланган. Райондо 14 шайлоо участкасы болгондуктан көп функционалдуу жабдуулар ар бир участкалык шайлоо комиссияларына келип, шайлоолорду өткөрүүгө 2015-жылга чейин пайдаланылып келген. БШКнын төрагасы Т. Абдраимовдун 29-март 2016-жылдагы №18/ОД буйругунун негизинде бардык АШКалардагы аталган жабдуулар билим берүү бөлүмүнө кайтарымсыз негизде тартууланууда.

Бардык жаңылыктар