Сары-Булуң айыл аймагында БУУнун ДАТП алкагында“Үй шартында кондитердик жана нан азыктарын даярдоо” курсунан 40 кыз-келин сертификаттарга ээ болушту

08.04.2016

Сары-Булуң айыл аймагында БУУнун ДАТП алкагында“Үй шартында кондитердик жана нан азыктарын  даярдоо” курсунан 40 кыз-келин сертификаттарга ээ болушту

Сары-Булуң айыл аймагында БУУнун   Дуйнөлүк азык-түлүк Программасынын  алкагында жана Тогуз-Торо райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте  Сары-Булуң айыл аймагында уюштурулган  1 айлык “Үй шартында кондитердик азыктардын жана нан азыктарын  даярдоо”  курсунан  40 кыз-келиндер катышып ар бири сертификаттарга ээ болушту.

Адамдын колунан эмнелер гана келбейт. Жакычылыктан чыгуу боюнча үйдө отурган кыз-келиндер үй шартында 100дөн ашык нандын, таттуу пряник, печенья, коржик, пахлава жана  торттордун ж.б.у.с  түрлөрүн жасап  үйрөнүштү.

Жасап үйрөнүп жасап жатканда, балдарыбызга, мектептеги окуучу балдарга жана тойлорго дагы буйрутма алып кошумча киреше тапканга дагы жетишкендиктерин айтып кубанып жатышты. Мындан ары дагы узбөй улантып, кошумча, киреше табуу максатында заказ алып иштей тургандыктарын билдиришти.

 

 

Бардык жаңылыктар