2016-жылдын 10-мартынан 10-июнуна чейин айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык-абалын жакшыртуу боюнча 3 айлык ишембилик жарыяланган

12.03.2016

 2016-жылдын 10-мартынан 10-июнуна чейин айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык-абалын жакшыртуу боюнча 3 айлык ишембилик жарыяланган

 Кыргыз Республикасынын    Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин  жардамы менен  Тогуз-Торо районунун 80 жылдык мааракесине карата жана  жашылдандыруу, көрктөндурүү үчүн Жээнтай Кыдыров атындагы райондук паркка 240,0 миң сомдук ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу (карагай, каштан, туя, дуб, арча ж.б) 1072түп көчөттөр отургузулду жана мындан сырткары райондогу мектептерге берилди. Көчөттөрдү отургузууда Тогуз-Торо   райондук мамлекеттик администрация  менен биргеликте  мекеме-ишканалар жана жаштар комитети отургузушту.

  КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине терең ыраазычылык билдиребиз.

Мындан сырткары, Тогуз-Торо райондук Токой чарбасынан айыл өкмөттөргө 17000түп тал-теректер берилди. Тогуз-Торо, Көк-Ирим, Атай, Сары-Булуң айыл өкмөттөрүнө 1000 түптөн тал, 2000 түптөн терек, Каргалык айыл өкмөтүнө  айыл 1500 түп тал, 3500түп теректер берилди. 

Бардык жаңылыктар