Global money week (GMW) - Child Youth Finance International демилгеси менен уюштурулган глобалдык майрам.

15.03.2016

Global money week (GMW) -  Child Youth Finance International  демилгеси менен уюштурулган глобалдык майрам.

2016-жылдын 14-20-мартына чейин “Дүйнөлүк акча апталыгы” (GLOBAL MONEY WEEK) долбоору мектептер арасында өтүп жатат. Бул долбоордо окуучу балдарды жана жаштарды акча, каражат жыйноо тууралуу, акча таап, ишке орношуу, өз бизнесин ачуу жөнундө көбүрөөк маалымат алууга түртүү максатында өзунө жергиликтүү жана аймактык акцияларды, иш-чараларды камтыйт. GMW максаты-шаңдуу жана интерактивдүү иш-чаралардын жардамы менен коомчулуктун көңүлүн финансы билимине жана финансылык сабаттуулукка буруу, балдарга жана жаштарга акчага байланышкан бардык өңүттөр тууралууайтып берүү. GMW-баардык жерде өтөт. Өзүнө камтыган иш-чараларды, окууларды долбоорлорду, презентацияларды жана мелдештерди камтыган, дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө өтө турган эл аралык жумалык. Дүйнөлүк акча жумалыгын уюштуруу жана өткөрүү үчүн 2013-жылы 1 миллион бала жана кыз-жигит, 400 уюм, 80 өлкө.2014-жылы бала жана кыз-жигит 490 уюм, 2000 иш-чара,118 өлкө. 2015-жылы 5,6 млн бала жана кыз-жигит, 962 уюм, 3000 иш-чара, 124 өлкө катышкан. А.Абдраимов атындагы орто мектебинде 2016-жылдын 14-20-мартына чейин өтө турган “Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2016”өнөктүгүн өткөрүү пландалган. Бул долбоордун аталышы “Үй-бүлөөлүк бюджетти сарамжалдоо-кыргыздарга мүнөздүү сапатпы же битирликпи” деген темада мугалимдер, окуучулар, ата-энелер менен бирдикте дебат болуп жатат.Райондон эксперт болуп раймамадминистрациясынан, айыл өкмөттөн, билим берүү бөлүмүнөн ж.б өкүлдөр келип катышты.

Бардык жаңылыктар