муз үстүндөгү эстафета сынагынын финалдык оюну аяктады

06.02.2016

 муз үстүндөгү эстафета сынагынын финалдык оюну аяктады

“Беш адам бөлөк тилек бир, беш манжа бөлөк билек бир”деген ураанда,муз үстүндө оюнду жаштар арасында өркүндөтүү,мекеме ишканалары арасында биримдикти,ынтымакты спорттук оюндар аркылуу чыңдоо жана сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлүп жаткан муз үстүндөгү эстафета сынагынын финалдык оюну аяктады. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 23.01.2016-жылдан 06.02.2016-жылга чейин  райондук  дене тарбия жана спорт бөлүмү жана Жаштар кеңеши менен биргеликте өткөрүлүп жаткан “Беш адам бөлөк тилек бир, беш манжа бөлөк билек бир”деген ураанда,муз үстүндө оюнду жаштар арасында өркүндөтүү,мекеме ишканалары арасында биримдикти,ынтымакты спорттук оюндар аркылуу чыңдоо жана сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлүп жаткан муз үстүндө таймаш өткөрүлдү.

            Командага райондогу мекеме-ишканалар, айыл аймагынын айыл өкмөттөрү болуп жалпы 16 команда катышып, өздөрүнүн спортко болгон чеберчиликтеринкөрсөтүштү. Жарым финалга 16 команданын ичинен 8 команда чыгып, 06.02.2016-жылы финалга ойнотулду.   

Финалда күндүн суугуна карабай, элдин маанайы көтөрүлүп ар бир мекеме-ишканалары өздөрүнүн командасы үчүн лозунгдарды, желекчелерди көтөрүшүп колдоп, спортко болгон кызыгуулары артып турушту. Эмгек социалдык өнүгүү башкармалыгынын  “Ак Илбирс” командасы, Ички иштер бөлүмүнүн “Динама” командасы,№45 кесипчилик лицейинин “Кристал” командасы,Макмал алтын кен комбинатынын “Макмал” командасы, Райондук Билим берүү бөлүмүнүн “Бурганак” командасы,Күч органдарынын “Биримдик” командасы,Салык,Фин.отдел,Казына, Мамкаттоо мекемелери биригип “Алга” командасы,Почта,Телеком,Редакция “Жеңиш Туусу”, Департамент мекемелери биригип “Береке” командалары беттешип,жыйынтыгында 4 команда финалда ойношту. Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн “Бурганак” командасы,Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын “АК Илбирс” командасы, “Макмалалтын” кен комбинатынын “Макмал” командасы, Салык,Финансы бөлүмү, мам.каттоо,Казына биргелешип чыккан “Алга”командалары. Жыйынтыгында “Ак Илбирс” менен “Бурганак” командалары III-орундуу, ал эми II-орунду “Алга”, I-орунду “Макмал” командалары ээлешти. Жеңүүчүлөрдү кубок,медаль,грамота менен Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, Тогуз-Торо райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү жана Райондун жеке ишкерлери тарабынан сыйланышты.

            Ал эми, бул оюнга демөөрчүлүк кылып ишкерлер Ассосациясы колдоо көрсөттү.  Жалпы 25,0 мин сом чыгымдалды.

Бардык жаңылыктар