«Адилет» Укуктук Клиникасы» КФ ваканттык юрист кызмат ордуна ээлөөгө конкурстук тандап алууну жарыялайт

10.12.2015

«Адилет» Укуктук Клиникасы» КФ ваканттык юрист кызмат ордуна ээлөөгө конкурстук тандап алууну жарыялайт (16 штаттык орун, олконун региондорунда)

«Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук фонду Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана укук үстөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн жарандык коомдун ролун күчөтүү» долборуунун алкагында, Нарын, Ыссык-Көл, Жалал-Абад, Ош областтар боюнча ваканттык юрист кызмат ордуна ээлөөгө конкурстук тандап алууну жарыялайт (16 штаттык орун) - маанилүү райондору: Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Ак-Талаа, Жети-Огуз, Тон, Тюп, Ак-Суу, Токтогул, Тогуз-Торо, Ала-Бука, Чаткал, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Алай.

Талаптар:
- жогорку юридикалык билим; 
- жазык жана жарандык иштер боюнча 3- жылдан кем эмес практикалык иш 
  тажрыйба;
- адвокаттык лицензия;
- (жазуу жана оозеки жүзүндө) кыргыз жана орус тилин билүү;
- кенсе жабдуулары, кенсе программалары менен иштоо ыкмаларына ээ болуу;
- сүрөтү бар резюме жана сунуштоочу каттары.

Аталган документтерди 2015-жылдын 31-декабрына чейин төмөндөгү дарекке жибериниз: Бишкек ш., Уметалиева көч. 39, же факсы боюнча: 0(312) 65-35-13. Ошондой эле e-mail боюнча: ainura-lam@mail.ru, b.osmonbaev@gmail.com. Байланыш телефондору: 0(312) 39-22-95, 0(550) 92-82-24. Контакттык кызматкер – Осмоналиева Айнура Мусаевна.

Бардык жарыялар