Тогуз-Торо райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы маалымдайт

09.11.2014

Тогуз-Торо райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.4.2012-жылдагы “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана ДМЧАларды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” №237 токтомун ишке ашыруу макстында 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү жана 15-ноябрдан 15-декабрына чейин “Биз биргебиз” аттуу бир айлыгын өткөрүү боюнча  иш чара түзүлгөн. Иш чаранын негизинде райондук социалдык өнүгүү башкармалыгырайон боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маалымат базасы жаңыртылды жана райондук маданият бөлүмү менен биргеликте жобо иштелип,  айыл аймактары аралык ДМЧАлардын арасында салтка айланган “Дүйнөм ыйман, сыймыгым Кыргызстан” аттуу фестиваль өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп, төмөнкүдөй график менен өтүүнүн астында турат.

Айыл округдардын аталышы

 

Өтүү мөөнөтү

1

Кара-Суу айыл округу

 

18-ноябрь

2

Каргалык айыл округу

 

19-ноябрь

3

Тогуз-Торо айыл округу

 

21-ноябрь

4

Көк-Ирим айыл округу

 

25-ноябрь

5

Атай айыл округу

 

28-ноябрьбрь

6

Гала концерт

3-декабрь

            Ошондой эле 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнүнө карата районубузда жүрүп жаткан “Курманжан датка” аттуу тарыхый көркөм тасмасына Базылбеков Манасбектин демөөрчүүлүгү менен районубуздагы 50 ДМЧ адам  көркөмтасманы бекер көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бардык жарыялар