Тогуз-Торо райондук тарыхый этнографиялык музейи

Тогуз-Торо райондук  тарыхый-этнографиялык музейи

 

Тарыхый-этнографиялык музейдин  тарыхы

Алгач Тогуз-Торо районунда пионерлер үйүнүн  алдында «Күжүрмөн Даӊк» музейи 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгына карата уюшулган. Уюштурган  жетекчиси Шайырбүбү Акматова. Бул музей 1985-жылдан 1998-жылга  чейин «Балдар,өспүрүмдөр үйүндө» иштеп турган.  Кийин 1998-жылдын ноябрь айында  Тогуз-Торо райондук  тарыхый-этнографиялык музей ачылып, «Күжүрмөн Даӊк» музейи толук боюнча өткөрүлүп берилген. Тарыхый-этно экспонаттардын негизинде музей тарыхый-этнографиялык  деп аталган. Директору болуп Эпеев Кадырбек дайындалып, кийин  2000-жылы Куттумидин Базаркулов  болгон. Эл арасынан эски , унутта калган буюм-тайымдар музейге экспонат катары алынып, көпчүлүгү музей уюшулганда өздөрү алып келип беришкен.
Тарыхый-этнографиялык музей учурда маданият үйүнүн 2-кабатында, күн батыш  тарабында жайгашкан.  Музейдин  жалпы  аянты 127м2,  анын  ичинен   экспозициялык көргөзмө аянты 112 м2.   Музейдин жалпы фонду  2014-жылга карата 1305 экспонат  болду. Жылына музейге  1200-1500гө чейин адамдар келип көрөт. Чет элдик туристтерди да келип келип  кетишет.
 Азыркы учурда 2004-жылдан бери Бейшеналиева Шаарман жетектеп келет. Музейде жалпы  7 (жети) киши эмгектенет. Анын ичинен негизги кызматкерлер 4, 3 адам тех.персонал.

Тарыхый-этнографиялык  музейдин штаттык  түзүмү: 

Тарыхый-этнографиялык музейдин иштөө тартиби:

 Күндөр Дүйшөмбү Шейшемби Шаршемби Бейшемби Жума Ишемби Жекшемби
Убактысы 8.30-18.00 8.30-18.00 8.30-18.00 8.30-18.00 8.30-18.00 8.30-18.00 8.30-18.00
Тыныгуу 12.30-14.00 12.30-14.00 12.30-14.00 12.30-14.00 12.30-14.00 12.30-14.00 12.30-14.00

Музейдин экспозициялык бөлумдөрү:

Музей 6  экспозициялык  бөлүмгө бөлүнөт: хроникалык, археологиялык, тарыхый-этнографиялык,   Улуу Ата  Мекендик ,  инсандар, өнөр-жай бөлүмү  болуп эсептелинет. Ар бир бөлүмдүн  өзүнө  тийешелүү экспонаттары бар.
 
Хроникалык    бөлүмдө Тогуз-Торо районунан  улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин, эмгек ардагерлердин, чыгаан ардактуу  атуулдардын жана башка районго эмгеги сиӊген инсандардын документтери 492шт, орден-медалдары 148шт,  альбомдору 15шт, 33 шт буклеттери  жана 350дөн ашык сүрөттөрү   сакталган.

Археологиялык  бөлүмдө 18-кылымга  таандык  алтын  каскан кулдарга  салынуучу  кишен, карапа, чокмордун  сынган  башы, 2 шт кумган  бар. Бул экспонаттар жер төлөдөн, ар кандай казуу иштеринде табылып алынган.
   
Тарыхый-этнографиялык бөлүмдү негизинен жергиликтүү калктын турмуш тиричилигиндеги ар дайым колдонуп келген жана ата-бабалар колдонгон илгерки буюмдар түзөт.  Абдыманап  Кыдырша  уулунун  төө  чепкени (учурунда далысынын  жазылыгы  68см, бою  2,30 м, салмагы  150кг болгон) коюлган.  Республикалык, областык  мелдештерде  40 ашык күрөшкө, 30 жакын эңишке тушуп, баардыгында  жеңишке ээ болгон. Анын  чепкени Мамлекеттик  тарыхый музейден  Италияга, андан  соң  Финляндияга  сатылып, дүйнөдөгү  алп  адамдардын  кийимдери  турган  музейге коюлган.  Кененсары  кызы  Ракыянын 1942-жылы   энциклопедиядагы   жан жаныбарлардын  сүрөттөрү  түшүрүлүп  сайылган  туш  кийиз илинген. 1946-жылы Сталиндин сүрөтүн кездеме  бетине  түшүрүп  сайган  саймасы үчүн  ошол мезгилдеги эң  жогорку  даражадагы   сыйлык  алган.
1920-30-жылдары сайылган оймо-чийме  түшүрүлгөн саймалар,  кундуздалган  туш кийиз,   кыргыздын  улуттук  кийимдери, жаргак  шым,  сайма  көшөгө, кийизден  жасалган  баардык  буюмдар  эл  ичинен  алынып, музейге  көөнөрбөс  мурас  катары коюлган. Республикага белгилүү уз С.Досбаева апанын колунан жаралган «Илме дос» саймасы жаңы үлгүдө реставрацияланып тапшырылды. 2012-жылдын   4-декабрында ЮНЕСКОго кирген  шырдак жана ала кийизди даңазалоо максатында музей күнү уюштурулган көргөзмөдө 18 шырдак, 5 ала кийиздин үлгүсү маданият кызматкерлери тарабынан музей фондуна өткөрүлгөн. Андан  тышкары жыгачтан жасалган күү челек, ээр, ыӊырчактар,кол кашык-кашыктар, сокулар, талкуу, музыкалык аспаптар бар. Музей кызматкерлери  тарабынан эскиси  реставрацияланып, жаӊылантып, кошумчаланып  турат. Тарыхый-этнографиялык бөлүмдө жалпы  213 шт экспонат бар.

Улуу Ата  Мекендик  бөлүмүндө  Чолоков Абалкандын кител кийими, орден-медалдары менен,согушка катышкан ветерандардын буюмдары, согуш учурунда колдонгон идиштери, сүрөттөрү да сакталып коюлган.    
    
Инсандар  бөлүмүндө   атайын  энелерге  арналган: «Кутман  энелер»,  «Эне  бала үчүн  эң  кымбат», «Мамлекеттик сыйлыктын  ээлери», «Асылзаада  айымдар», «Үлгүлүү  үй-бүлөө», «Бактылуу  эне», «Афган согушунун  жоокерлерине  таазим», «Таланттуулар эл ичинде», «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин»  аттуу ж.б  убактылуу стенд  көргөзмөсү  жасалып  коюлган. Тогуз-Торо районунан чыккан «Ардактуу атуул» наамынын ээлери: Иманбердиев Иса, Молдокадыр уулу Садыр Сарыгулов, Шүкүр уулу Бектен, Азаматов Калдыбай, Акимбаев Жылтыр

Социалисттик эмгектин баатырлары: Турдубаева Бурулбүбү, Жаӊыбаева Маруса,Нураков Исак, Кадыркулов Ыдырыс жана биология илиминин кандитаты, доцент  Атанаев Токтосун Бегалиевич,  педагогика  илиминин доктору,профессор , академик Абдыраимова Роза Асановнанын автобиографиялык планшеттери илинген.
 
Өнөр жай бөлүмүндө Тогуз-Торо районундагы «Макмалалтынкен» комбинаты боюнча сүрөт стенди жана альбому коюлган. Алгачкы Макмалалтын кен комбинатынын  жетекчиси Капар Кыдыровдун  иш үстүндөгү сүрөттөрү, кийин Тогуз-Торонун 70 жылдык мааракесинде түшкөн сүрөттөрү коюлган.

КР 2002-жылдагы кабыл алынган  № 568 токтомуна ылайык  Тогуз-Торо районундагы Республикалык жана Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий эстеликтер боюнча

Тогуз-Торо районунда тарыхый-маданий эстеликтердин  Республикалык маанидеги  архиологиялык 9 (тогуз) объектиси көрсөтүлгөн. Жергиликтүү маанидеги эстеликтердин саны 4(төрт). Эстеликтер боюнча жеринен барып сүрөттөрү  тартылып, маалыматтар топтолгон. Тарыхый-этнографиялык музей тарабынан  ар бирине 2013-жылдын жай айларында паспорт түзүлдү. Бирок тарыхый-маданий эстеликтер музей балансында эмес. Ошондуктан реставрация иштерин жасоого эч мүмкүнчүлүк жок.

Баракан күмбөзү

Баракан кумбөзү – Тогуз-Торо өрөөнүндөгү  ХIХ – кылымдын орто ченине таандык  архитектуралык  эстелик. Көгарт жана Атай сууларынын кошулган жердеги секиде  курулган. Күмбөз Орто Азия аймагында колдонулуучу жука, жалпак бышкан кыштан тургузулган.Күмбөздүн жанында усталар кыш бышырган «очоктордун» орду сакталып калган. Күмбөздүн адаттан тыш өзгөчөлүгү бар. Анын казанагы «найза тегеретип» (кендиги) казылып, таманына сөөк бузулбаш үчүн, атайылап арчанын күлүнөн калың  төшөлүп, шыбы (үстү) жалаң арча-устун менен жабылган.   Күмбөзгө Тайлак баатырдын небереси Баракан жана анын укум-тукумдары  (20дан ашык киши) коюлган. Ичиндеги аялдын сөөгун арча менен көшөгөлөп, бөлүп коюшкан. Ал мүрзөгө акыркы жолу (1933-жылы) ырымдап мал союлуп, Кантөрө уулу Мамет болуштун (тайлак баатырдын кенже уулунан) сөөгү коюлуп, мүрзөнүн капкагы биротоло бекитилген. Ошондон баштап,  Тайлактын урпактары жалпы салт боюнча өз-өзүнчө  коюлуп келет. -- күмбөз баштапкы көрүнүшүнөн бир топ өзгөргөн.
 Төбөсү, маңдайкы мунаралары урап, бир жак капталы толук жокко эсе. Ортосу оюлуп, сөөк коюла  турган жери көрүнүп калган. Күмбөздүн баштапкы калыбынын 1\2 гана  
калып, калган бөлүгү кыйроо коркунучунда.

 

Баракан күмбөзүнүн учурдагы көрүнүшү

Кара-Табылгыты шаар чалдыбары 

Кара-Табылгыты шаар чалдыбары  VI- VIII кылымга таандык  шаардын калдыгы. Ал Кылды-Суу дарыясынын Нарынга куйган жердеги тумшукта, Нарын дарыясынын  Кетмен-Төбө тарапка бурулган жерде Кара-Табылгыты деген секиде  жатат. Урандынын  үстүндө  жаткан материалдар  түрк тибиндеги  карапалардын  көптөгөн  сыныктары, борпоң, таштын  күкүмдөрү аралашкан,  колго чапталып  жасалган  карапалардан  башка да станокто жасалган, капталы жука идиштердин  сыныктары  табылган. Ким тарабынан, качан курулгандыгы  жөнүндө так маалымат  жок. -- Кара-Табылгыты  шаар  чалдыбарынын  бүгүнкү  күндө  калдыктары да жок,  айдоо  аянтына  айланган.

Кара-Табылгыты шаары азыр айдоо аянтына айлангандагы көрүнүшү

Кереге-Таш күмбөз


Тогуз-Торо  районундагы  Казык  суусунун  сол  өйүзүндөгү  чоң  таштагы  жазуу.   Болжол  менен   Х-ХII кылымдарга  таандык.Таштын  бетинде  « Кулу  (Молу)  уулу  Хажжак  Табару  (малы)  сегиз»  деп арабча  жазылган. --  Казыктагы   таштын бийиктиги 1,4 см,  туурасы  1,2 м  келет.   Аралыгы  20 смден  эки  катар араб   тамгалары   менен   жазылган.   Тамгалардын  бийиктиги   да  20 см келет.

Саймалуу-Таш

Саймалуу-Таш  табигый  сүрөт галереясы -  Фергана  тоо кыркасындагы Көгарт ашуусуна  жакын жерде таш  бетине  чегилген оймо-чиймелер, сүрөттөр. Б.з.ч. 2—миң жылдык –  б.з   1-миң жылдыгынын  1-жарымына (5-6-кк) таандык. Саймалуу-Таш  сак менен усундардын, түрк менен гундардын, байыркы Тянь-Шандын жашоочуларынын убагында  жаралган.  Алар  Фергана  жана Алай  аркылуу  Памир жана Орто Азия  менен саясий жана маданий  байланыш  түзүшкөн. Таш  беттеринде  жуз миңден ашуун сүрөттөр бар. Саймалуу-Таштагы  сүрөттөрдү 1902-жылы орус армиясынын офицери, топограф    Н. Г. Хлудов  ачкан. Кийин аны   генерал-майор  И. Т. Пославский  (1902-1903ж), Б. М. Зима  (1946-ж),    А. Н.  Бернштам (1950-ж)  изилдеген.

Саймалуу –Таш жартылыш  паркы  4  мезгилдик топко бөлүнөт. 1) б.з.ч 2-1 миң жылдыктарда ар түрдүү ырымдарды чагылдырган көрүнүштөр  жана геометриялык сызмалар  чегилген сүрөттөр; 2) сак-усун доору (б.з.ч.1-миң жылдыктын  2-жарымы);        3) хунн дооруна таандык  жырткыч айбандардын  сүрөттөрү; 4) хунн-түрк доорундагы  тоо текелердин,  аркарлардын  жана куралданган  мергенчилердин сүрөттөрү.    Саймалуу-Таштагы энеолиттен, коло дооруна чейинки сүрөттөрдүн көпчүлүгү бир нерсеге табынуу  жана мифологиялык түшүнүктөр менен  тыгыз байланышкан.

Саймалуу-Таш тарыхый эстелиги тогуз жагы тоолор менен курчалган. Жалпы парктын аянты 32007,2 гектарды түзөт. Анын ичинен ташка чегилген сүрөттөр (петрогрифтер) 7 гектар аянтты  кучагына  алат. Таш бетиндеги сүрөттөрдүн саны  болжол менен  90,0 миңден 107 миңге чейин жетет(гезит - журналдарда ар кандай берилип  жүрөт). Ар түрлүү көлөмдөгү жылмакай, тегиз таштардын бетинен тоо текелердин, аркарлардын, букалардын, куландардын, жырткыч жаныбарлардын(жылан, карышкыр,илбирс, доңуз,түлкү ж.б),  арабага чегилген  букалардын, колдорун жогору көтөргөн адамдардын, тегерек күн сымал баштуу кудайлардын, ыйык нике сценалары, күндүн белгиси өңдүү  сүрөттөрдү кездештирүүгө болот. Байыркы сүрөтчүлөр күн кудайынын  нурданып, жаркырап турушун  чагылдырышкан. Ага бут, кээде кол жалгаштырып, кээде  күндүн бетине ооз тартышкан учурлары да кездешет. Өрүлгөн чачтары артка ыргытылып, күндү колуна көтөргөн адамдардын сүрөттөрү  жолугат. Петроглифтердин арасында төрт чарчы коргон сымал сүрөттөр кездешет. Алардын көпчүлүгүнүн ортосунда очок сыяктуу белгиси бар. Көпчүлүк изилдөөчүлөр  муну  турак-жайдын  чагылдырылышы деп эсептешет. Изилдөөчүлөр Саймалуу-Таш сүрөт галереясынын  нукура маанисин диний жөрөлгөлөр өткөрүлүүчү жай  катары  карашат.

 

Саймалуу-Таштагы  таш бетиндеги жазуулар

 

Чалдыбар шаар калдыгы


«Нарын дарыясынын  оң  жээгинде,  Казарман  кыштагынын  каршысында  жаткан  чеп  бир  кыйла  кызык (бизге  паром  менен  отууго  туура  келди), ал  Чалдыбар  деп  аталат  экен»  деп  жазат  А.Н. Бернштам (Избранные  труды по  археологии и  истории кыргызов  и Кыргызстана) өзүнүн  эмгегинде. Чалдыбар  шаар  калдыгы  Х-ХII  кылымдарга  таандык  чеп. Чептин  көлөмү жана  орун алып турган  жери  анын жергиликтүү  мүнөзүн  жана  милдетин – айлана-тегеректи  коргоо экендигин айгинелейт.

Чептин курулуш  бурчтары  дүйнөнун төрт  тарабын  карайт,  узундугу  100 м.  Анын   бурчтарындагы  мунаралар  тегерек, дубалдын  орто чениндегилери   тик  бурчтук  түрүндө.  Батыш  дубалдагы  дарбаза  тик  бурчтуу   мунаралар  менен  корголгон.  Жалпысынан  курулуштун  планы  Шырдакбектин  чебинин  алда  канча  кичирээк  көлөмдөгү  көчүрмөсү  десе  болот. Урандынын үстүнө  чыгып  калган  материалы  көрксүз,  бирок  чептин  планынын Шырдакбектин  чеби  менен  толук  окшоштугу  аны    Х-ХII кк.  таандык  кылууга  мүмкүндүк  берет.

Чалдыбар шаар калдыгынын азыркы көрүнүшү

 

Казарман шаар чалдыбары

Казарман шаар чалдыбары  Х- ХII кылымга таандык.   Нарын  дарыясынын  сол  жээгиндеги  Казарман  кыштагында  орун  алган. Урандынын үстүндө , тимурилер  мезгилине  таандык  болсо  керек, тик  бурчтуу бышкан  кыштын  калдыктары  жатат. Дубалдары  жарым-жартылай   губала  менен  урулуп  тургузулганына  караганда  кокондуктар  курса керек.  Андан  табылган  буюмдардын алгачкылары  15-кылымга, кийинкилери  19-кылымдарга  туура  келет. --    Казарман  шаар   чалдыбарынын   дубалынын  бийиктиги 3 м, түндүк, батыш  жана  чыгыш  дубалдарынын  узундугу  100 мге  чейин  жеткен. Бурчтарында  жана  борборунда  мунаралары  болгон. Эстеликке  көнүл  бөлүнбөгөндүктөн, анын  эч  пайдубалы  калган эмес. Үстүндө  жаңы Казарман  кыштагы курулган.

Алп Тобок күмбөзү

Тобок  Турум уулу  же  Алп  Тобоок (болжолу  1800-жылдары  жашаган)—алп  балбан.  Тезек  уруусунан  чыккан. Уламага  караганда  аябай  зор  киши  болуп,  төө  көтөрө  албай, өмүр бою  жөө  жүргөн.Түпбээжинге (кытай элине) колго түшкөн  Чоро элинин  баатыры Жанболотту жөө  издеп,  бошотуп келгени аңыз катары айтылып  жүрөт. Күмбөз  1998-жылы Казарман  айылынын  чыгыш  тарабына  орнотулган. Бышкан кирпичтен  тургузулган.

Алп Тобок баатырдын күмбөзү

Базар бий

Күмбөз  ХIХ-кылымдын  башталышына  таандык  архитектуралык  эстелик. Нарын  дарыясынын  оң  жээгинде,  Тогуз-Торо айыл  өкмөтүнө  караштуу  Өрнөк  айылына  жакын  жерде  жайгашкан.

Базар бий (1760-ж, Өрнөк  айылы – 1820-ж, ошол эле  жер) – өрөөндөгү  таанымал, саяк уруусунан  чыккан бий. Нарын дарыясынын оң  жээгинде жашаган  тезек,  тагай  элин  башкарган. Ал өрөөндө  кадыр  барктуу,  касиеттуу  адам  болгон.
Базар  бийдин  күмбөзүнүн  башка   күмбөздөрдөн  өзгөчөлүгү  казанагы  кенен,  терең  казылган.  Усталар атайын  Кетмен-Төбөдөн  келишкен.  Эл  ичинде  күмбөзгө  Базар  бий  жана   анын  укум-тукумдары  (64 адамдын  сөөгү)   коюлгандыгы  айтылып  жүрөт.

Күмбөз  төрт  чарчы  формада,  жалпы  аянты 50 м2,  кумпа   чатырлуу.  Жука  жалпак  кыштан  тургузулган.  Үстү  арча  менен  жабылып,  сөөк  бузулбас үчүн  астына да  арча  төшөлгөн.  Күмбөздун  дубалына ар кандай  оймо-чиймелер ,   сүрөттөр   түшүрүлгөн.  Алар  бүгүнкү  күндө  күмбөздүн  айрым  гана  жеринде  сакталып калган.                      

(Ш. Керимованын  материалы).

Базар бий күмбөзүнүн көрүнүшү

Кичи Ак-Мойнок, Бирдик  күмбөздөрү боюнча  боюнча маалымат жок.

Осмон Датка эстелиги


Осмон датка (1825-1915-жж) чоро-саяк уруусунун  чоӊ манабы, датка, кыргыз эркиндиги үчүн активдүү күрөшүүчү, саясий ишмер, Тайлак баатырдын  уулу. Атасы өлгөндө ал 13 жашта  болгон. Кыргыздардын кыжырдануусунан корккон  кокон ханы  Тайлак баатыр көз жумгандан көп өтпөй Осмонго «датка» наамын  ыйгарат(проф.С.Аттокуров), б.а Кокон хандыгы анын саяк уруусун бийлөөчү укугун  тааныйт. 1863-67-жылдары  Үмөтаалы Ормон уулу менен бирдикте орустарга каршылык көрсөтөт. Орус аскерлеринин  подпоручиги  Зубаревдин  аскердик тобун 1863-жылы  талкалоого катышкан. Ал 1867-жылы падышалыктын букаралыгына өтүүгө каршы чыккан.1868-жылдын  май айында Тогуз-Торо аймагында  жашаган көчмөндөрдү орус падышалыгынын болуштук бирдиги кылып уюштуруу үчүн барган майор Загряжскийдин аскер тобуна Осмон датканын жигиттери түндөсү капыстан кол салган. Осмон датка колго түшүргөнбир орус офицери  жана Баяке, боркемик Райымкул баштаган бир нече туткун менен  Анжиянга бет алып, бирок ал жакка жетпей Кытайга өтүп кетет. Чек арадан орус офицерин бошотуп жиберет. Ал жакта 12 жылдай турган соӊ, Ала-Тоого кайтып келип, орус букаралыгын тааныйт. Андан соӊ Осмон датка саясий турмушка катышпаган.
1915-жылы 90 жаш курагында  каза болгон.

Осмон датканын  урматына анын урпактары Тогуз-Торо районуна 2013-жылдын эстелик тургузушту. 

Баатырлар аллеясы

 --   Бул эстеликтер райондун  борбордук бөлүгүндөгү  сейил бакта орун алган. Баатырлар аллеясында  Тогуз-Торо  районуна  талыкпай  эмгек  кылып, үзүрлүү  салым  кошкон жана  «Ардактуу атуул»  наамына  татыктуу  болгон  инсандардын  айкелдери орнотулган. 

Баатырлар  аллеясында:  

  • Нураков  Исак—Социалисттик эмгектин  баатыры
  • Маруса Жаӊыбаева—Социалисттик эмгектин баатыры
  • Турдубаева Бурулбүбү--  Социалисттик эмгектин баатыры
  • Бердалиев Жаасын—Советтик,  партиялык  ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш орденинин ээси.
  • Кожалиев Турганбай – коомдук ишмер, Кыргыз  ССРнин эл агартуунун отличниги, Кыргыз АССРнин 4-съездинин делегаты.
  • Мурзакимов Акматбек – Эмгек ардагери, Ленин орденинин ээси, Республикадагы белгилүү жылкычы,

Аллеядагы бул адамдардын бюсту орнотулган.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган  манументтик  доска

Тогуз-Торо районундагы  Жеӊиш паркында 1968-жылы  курулган. Монумент  тактасында  1941-45жылдары согушта курман болгон  жоокерлердин  тизмеси  жазылган. Ар жыл сайын Улуу Жеӊиш  майрамы 9-майда баатырларды эскерүү салтанаты  Жеӊиш паркында өткөрүлүп  турат.

Ата-Мекен өз баатырларын  унутпайт!

Музей  фотогалереясы: